Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Хорогдо генерал Назаровдун өлүмүнө айыпталган үч адам өмүр бою кесилди


Хорог шаарынын кире бериши.
Хорог шаарынын кире бериши.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун соту 2012-жылы киши колдуу болгон генерал Абдулло Назаровдун өлүмүнө катышы бар деген айып менен Хорогдун үч тургунун өмүр бою эркинен ажыратты.

“Азаттыктын” тажик кызматы сот облустун камактагы бейформал лидери Толиб Аюмбековдун уулу Гүломали Аюмбековду, Хайримамад Дустмамадовду жана Аслан Гүлобовду 10 жыл мурун жасалган кылмышка тиешеси бар деп тапканын жазды. “Азаттыктын” Хорогдогу эки булагы өкүм 5-августта чыкканын, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү”, “Мыйзамсыз курал сактоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен айып коюлганын билдирди.

Бийлик Хорог шаарынын тургундарына чыккан өкүм тууралуу комментарий бере элек.

Абдулло Назаровдун өлүмүнө байланыштуу 2013-жылы сот дагы үч кишини - Одил Аюмбековду 17 жылга, Хамза Муродовду жана айдоочу Толиб Аюмбековду 16 жылдан эркинен ажыраткан.

Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун коопсуздук кызматынын ошол кездеги башчысы, 56 жаштагы Абдулло Назаров 2012-жылдын 21-июлунда кечинде Хорог шаарынын четинде кызматтык автоунаа менен райондун борбору Ишкашим шаарынан кайтып келе жаткан жеринен киши колдуу болгон. Анын машинесин жыйырма чакты белгисиз адам токтотуп, генералды унаадан чыгарып, ага бир нече жолу бычак сайып, качып кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча, Назаров артынан кууп келгендер менен сүйлөшүү үчүн автоунаадан өзү түшкөн.

Генералдын өлүмү 2012-жылдын 24-июлунда Хорогдо армия бөлүктөрү катышкан масштабдуу аскердик операциянын башталышына себеп болгон. Расмий маалыматка караганда, атайын операция учурунда тажикстандык 18 жоокер набыт болуп, ондогон аскер жаракат алган.

Тажик укук коргоочулары курмандыктардын саны андан да көп экенин айтып келишет. Козголоңчу делгендердин арасында канча адам каза болгону азыркыга чейин белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG