Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Ысык-Көлдө 20 гектар буудай, беде аянтын сел каптады


Сары-Камыш айылындагы сел алып кеткен көпүрө. ӨКМ тараткан сүрөт.
Сары-Камыш айылындагы сел алып кеткен көпүрө. ӨКМ тараткан сүрөт.

Бүгүн, 8-августта эртең менен Ысык-Көл районундагы жааган жамгырдан кийин кокту-колоттон түшкөн суу Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабындагы 20 гектар беде жана буудай аянтын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ)маалымдады.

Сел Балыкчы – Ананьево – Каракол автоунаа жолунун 8-чакырымын каптап, Сары-Камыш айылындагы эки көпүрөнү алып кетти. Учурда жеринде чыгымды тактоо, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызгидромет агенттиги 3-4-августта нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Селдин айынан Боомдун автожолу бир нече жолу убактылуу жабылып, темир жол каттамы бир күнгө токтогон. 29-июлда Каракол капчыгайынын эки тилкесинде таш-шагыл аралаш сел жүрүп, эки көпүрөнү жаап калган. Түп районунун Балбай, Күрмөнтү айылдарында ички чарбалык жолдорду, эгин талааларды каптаган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен өлкө боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым автоунаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 гектар айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил автоунаа жабыркаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG