Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Улуу Үркүн окуясын эскерген жүрүш Түп районуна жетти


Сан-Таш айылындагы Үркүнгө байланыштуу эстелик. Жүрүштүн катышуучулары.
Сан-Таш айылындагы Үркүнгө байланыштуу эстелик. Жүрүштүн катышуучулары.

“Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн улантып, 8-августта Түп районунун Байзак, Кең-Суу, Сан-Таш айылдарын кыдырышты. Жүрүштүн катышуучулары ушул айылдагы кыргыздар Кытайга качкан жолдор менен жүрүшүп, 2011-жылы “Кыргыз Эл Коому” фонду тарабынан Үркүндүн 95 жылдыгына карата орнотулган эскерүү ташына зыярат кылышты.

Эртең Каракол шаарындагы Жеңиш паркындагы “Үркүн” эстелигинин жанында жолугушуу өткөрүшөт.

5-августта “Эсимде” изилдөө аянтчасы эскерүү жүрүшүн Бишкектен баштаган. Жүрүшкө аттанган он чакты киши Токмок, Боом, Көк-Мойнок, Балыкчы аркылуу Ысык-Көлдүн күңгөйүнө жетип, андан көлдүн тескей бетине жол тартарын айтышкан.

Катышуучулар 13-14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Тосор айылынан беш чакырым аралыктагы Кыргын-Сай деген жерге барып, ошол жерде кыргындын курмандыктарын эскеришет.

Демилгечилер тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянып тараткан маалыматтарга ылайык, 1916-жылы кеч күздө дал ушул Кыргын-Сай деген жерде орус падышачылыгынын жазалоочу аскерлери алардан жашынып кетип бараткан бүтүндөй бир айыл элди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Айрым маалыматтарда 150, айрымдарында 300-500 адам жок кылынганы айтылат.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет. 1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган. Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган китеп чыгарган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG