Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Мелитополдо Орусиянын 100дөн ашык аскери набыт болгону кабарланды


Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары.
Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары.

8-августка караган түнү украин аскерлери HIMARS системалары менен Мелитополь шаарындагы өнөр жай объектилерине жайгаштырылган орус күчтөрүнүн убактылуу пункттарына сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Запорожье облусундагы оккупацияланган шаардын мэри Иван Федоров билдирди.

Украинанын бийлиги соккудан Орусиянын аскердик техникалары жок кылынып, 100дөн ашык орус аскери набыт болгонун билдирди. Согуш жүрүп жаткан маалда курмандыктар жана аскердик жоготуулар тууралуу маалыматты башка булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлердин өлүмү жана техникалардын жок кылынганы тууралуу маалыматка комментарий берген жок.

Өзүн “Запорожьенин администрация мүчөсү” деп атаган Владимир Рогов Орусиянын абадан коргонуу системалары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Мелитополго чабуулунун мизин кайтарганын билдирди. Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Мелитополду орус аскерлери басып алган.

Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын оккупациялык бийликтери Орусияга кошулуу “референдумун” өткөрүшү мүмкүн деп билдиришкен. Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Москва басып алган аймактарды Орусияга кошуу боюнча референдумдарды өткөрсө, украин бийлиги менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажырай турганын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG