Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

ТИМ Москвада кырсыктан каза болгон кыргызстандыктар боюнча маалымат берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвада суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки кыргыз жаранынын тек-жайын атады.

Маалыматка ылайык, каза болгондор 20 жана 22 жаштагы кыргызстандыктар болгон. 7-августта Москвадагы суу коллекторлорун тазалап жаткан учурда катуу жааган жамгырдан улам суу толуп калып, үч адамды агызып кеткен. Бул окуя боюнча Орусияда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери маркумдардын жакындары менен кырсык болгон жерде иш жүргүзүп жатканы кабарланды.

Буга чейин бул кырсык боюнча Орусиядагы маалымат каражаттары жазып чыккан. Анда Москвадагы суу топтолчу коллекторду 15 жумушчу тазалап жатканы, ошол учурда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адамды агызып кеткени айтылган. Алардын экөө кыргызстандык, бирөө тажик жараны экени аныкталган.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG