Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Москвада суу коллекторуна агып кеткен эки кыргызстандыктын сөөгү табылды


Москва. иллюстрациялык сүрөт
Москва. иллюстрациялык сүрөт

Москвада суу коллекторду тазалоо учурунда агып кеткен үч жумушчунун сөөгү табылды. Бул тууралуу Орусиянын баш калаасынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына таянып орус маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өткөн аптада Москвадагы суу топтолчу коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан. Ошол маалда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адамды агызып кеткен. Алардын экөө кыргызстандык, бирөө тажик жараны экени аныкталды. Алардын сөөгү 7-августта табылды.

Бул кырсык боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги расмий маалымат тарата элек.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG