Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Садыр Жапаров быйыл БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун COP26 саммитинде сүйлөп жаткан учуру. 2-ноябрь, 2021-жыл
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун COP26 саммитинде сүйлөп жаткан учуру. 2-ноябрь, 2021-жыл

Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуттук телеканалга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент БУУнун жыйынында тоолуу өлкөлөрдөгү экологияны коргоо маселеси боюнча сөз сүйлөйт. Ошондой эле сапардын алкагында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана башка өлкө жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Муну менен Садыр Жапаров президент катары Улуттар Уюмунун жыйынына алгачкы жолу катышат. Былтыр ал БУУнун сессиясында видео байланыш аркылуу сөз сүйлөп, тоолорду сактоо боюнча демилге көтөргөн.

Ал эми 2021-жылы ноябрда Глазгодогу климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитиндеги сөзүндө Жапаров бир катар экологиялык көйгөйлөрдү козгогон.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG