Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

"Ош" аэропортундагы көйгөйлөрдү айткан журналист коркутууга кабылып жатканын билдирди


Шохрух Саипов
Шохрух Саипов

Ош аэропортундагы такси айдоочуларына байланыштуу көйгөйдү айтып чыккан журналист Шохрух Саипов өз дарегине коркутуулар болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Менин соцтармактагы билдирүүлөрүмдүн алдына ачык эле коркутууларды жазып жатышат. Тааныштарымдан мен жөнүндө маалыматтарды сураган учурлар да болуптур. Андан сырткары көчөдө түшүнүксүз тоскоолдуктар болду", - деди Саипов.

Ал коркутуулар боюнча милицияга арыз жазууга камынып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Шохрух Саипов Орусиядан "Ош" эл аралык аба майданына учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп машинесине салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканын айтып чыккан.

Ошондон кийин президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жыйын өткөрүп, маселени чечүүнү тапшырган. Аэропортто иштеген 105 таксист милицияга суракка чакырылган. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG