Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Кыргызстанга бир жылга жетчүдөй инсулин алып келинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга "Протафан" инсулини алып келинди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул дары-дармек өлкөдөгү инсулинге муктаждардын бир жылдык керектөөсүн камсыздай алат.

Мекеме препарат жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилерин билдирди.

Кыргызстанда быйыл февраль айында тендер үзгүлтүккө учурагандыктан инсулин менен камсыз кылуу кармалып, көйгөй жаралган.

Кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин түгөнүп бара жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда кант диабети менен расмий каттоодо 60 миңдей адам турат, бул сан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG