Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Гутерриш Запорожьедеги АЭСке байланыштуу тынчсыздануу билдирди


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш 8-августта Запорожьедеги атомдук электр станциясындагы (АЭС) абалды иликтеш үчүн эл аралык эксперттердин киришине уруксат берүүгө чакырды. Украина менен Орусия апта соңунда Европадагы эң ири атомдук электр станциясын аткылоо боюнча бири-бирин айыптаган.

“Атомдук электр станциясына жасалган ар кандай кол салуу өзүн-өзү өлтүрүү болуп саналат”, - деди Гутерриш Жапониядагы басма сөз жыйынында.

Антониу Гутерриш мындай билдирүүнү дем алыш күндөрү Жапониядагы Хиросима шаарына болгон сапарынан кийин жасады.

Украинанын бийлиги орус аскерлерин 5-6-августта Запорожье атомдук электр станциясынын аймагын аткылаган деп айыптады. Алардын маалыматы боюнча, 6-августта орус күчтөрүнүн аткылоосунун радиацияны көзөмөлдөөчү үч кыймылдаткыч жабыркап, АЭСтин бир жумушчусу жаракат алган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия “олуттуу коркунуч” жаратып жатканы үчүн Москвага каршы жаңы эл аралык санкцияларды киргизүүгө чакырган.

Запорожье атомдук электр станциясы орус аскерлеринин көзөмөлүндө, аны украин кызматкерлери башкарат. Ишембиден жекшембиге караган түнү станциянын аймагы аткыланган.

Орус оккупациясында турган Энергодар шаарынын бийлиги украин күчтөрү аймакты бир нече ракеталык система менен аткылап, административдик имараттарга жана кампанын жанындагы аймакка зыян келтирилгенин билдирди.

Гутерриш Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) адистерин станцияга киргизүү зарыл экенин айтты. МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Мариано да Орусия менен Украинаны эл аралык эксперттердин станцияга коопсуз кирүүсүн камсыздап берүүнү өтүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG