Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Улуттук банк Кыргызстан санкцияга туш болбошу үчүн аракет көрөрүн билдирди


Улуттук банк
Улуттук банк

Кыргызстандын экинчи санкцияларга илинүү тобокелчилиги бар. Учурда Министрлер кабинети жана Улуттук банк ага туш болбоо үчүн бардык аракетти көрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш 8-августта Бишкектеги маалымат жыйында орусиялык компаниянын Кыргызстандагы банкты сатып алуу ниети боюнча суроого жооп жатып билдирди.

Ал орусиялык компаниянын жергиликтүү банкты сатып алуу ниети боюнча маалымат медиада жүргөнүн, расмий сунуш жок экенин кошумчалады:

«Улуттук банк чет өлкөлүк инвесторлордун жергиликтүү банктарды сатып алуу сунушун тыкыр түрдө карайт».

Буга чейин айрым маалымат каражаттары орусиялык «Финам» тобу Кыргызстанда банк сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазып чыгышкан.

Быйыл февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Батыш жана АКШ баштаган дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Москвага каршы санкция киргизген. Чектөөлөр Орусиянын финансы, банк тармагына тиешелүү.

Алар Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берген өлкөлөргө экинчи санкция киргизилиши мүмкүн экенин эскерткен.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG