Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Башкырстандык альпинист Хан-Теңири чокусунда каза болду


Хан-Теңири чокусу. Июль, 2017-жыл.

Башкырстандык альпинист Мария Нечаева 7-августта Кыргызстандагы Хан-Теңири чокусуна чыгуу маалында каза болду. Бул тууралуу Башкырстандын альпинисттер уюму социалдык тармактар аркылуу кабарлады.

Маалыматка ылайык, маркум альпинист чокунун 5 миң 900 метр бийик жеринде учуп кектен. Анын сөөгү 5 миң 600 метр бийиктикте табылып, тик учак менен Караколго жеткирилди.

Мария Нечаева альпинизм менен бир нече жылдан бери алектенип келген. Ал буга чейин Ленин чокусун багындырган.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG