Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Орусияда Украинадагы согуш үчүн 40тан ашык ыктыярдуу батальон түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык “Коммерсантъ” басылмасы Орусияда Украинадагы согушка катышкандарды топтогон 40тан ашык ыктыярдуу батальон пайда болгонун жазды.

Басылманын маалыматына караганда, аларды түзүү Орусиянын аймактарында жаздан бери жүрүп жатат. Мындай батальондор тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына, мамлекеттик мекемелердин социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланууда. Батальондордун аталыштары ал кайсы аймакта түзүлгөнүн билдирип турат.

Чеченстанда жөнөкөй жарандар кирген аскердик бөлүктөр Украинада согуш башталганга чейин эле түптөлө баштап, Орусия Украинага кол салган биринчи күндөн баштап согуштук аракеттерге тартылган. 26-июнда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинадагы согушка катышуу үчүн төрт жаңы батальон – “Түндүк-Ахмат”, “Түштүк-Ахмат”, “Батыш-Ахмат” жана “Чыгыш-Ахмат” түзүлгөнүн жарыялаган.

Ыктыярдуу батальонго кошулгандар Орусиянын Коргоо министрлиги менен бир нече айга келишим түзүп, келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлердин расмий статусун алат. Аларга айына 130 миңден 300 миң рублга чейин төлөп берүүнү убада кылышат. Өткөн аптада Согушту изилдөө институту Орусияда ыктыярчыларга каражатты төлөө кечиктирилип жатканын билдирген.

Жекшембиде “Медиазона” басылмасы Орусиянын абактарында Украинадагы согушка азгыруу жүрүп жатканын жазган. Бул тууралуу журналисттерге Ярослав жана Тула облустарынын абактарында жазасын өтөп жаткандар айтып беришкен. Абакка келген белгисиз адамдар аларды жеке аскердик компаниянын курамында Украинага барып согушууга чакырышкан. Бул үчүн камактагылардын соттуулугун жоюуну жана жакшы акча төлөп берүүнү убада кылышкан. Келишимге макул болгондорго айына 100 миң рубль жана ушундай эле өлчөмдөгү сый акы төлөп берилери айтылган.

“Азаттык” Орусиядагы мигранттардын арасында да Украинадагы согушка азгыруу жүрүп жатканын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG