Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Украина Херсондогу Антонов көпүрөсүнө сокку урду


Антоновский көпүрөсү. Архивдик сүрөт.
Антоновский көпүрөсү. Архивдик сүрөт.

8-августка караган түнү Украинанын куралдуу күчтөрү орус армиясы басып алган Херсондогу Антонов көпүрөсүнө кайра сокку урду. Андан буга чейинки аткылоодо көпүрөнүн жарактан чыккан жерлерин оңдоп жаткан куруучулардын техникасы күйүп кетти.

Херсон облусунун оккупациялык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов ушундан улам көпүрөнүн ачылышы кийинкиге жылдырыларын билдирди.

Көпүрө буга чейин жүк ташуучу автоунаалар үчүн жабык болсо, украин күчтөрүнүн 26-июлдан 27-июлга караган түнкү аткылоосунан кийин толугу менен жабылган. Сокку HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларынан жасалды.

Жарыяланган видеодо жол бир топ эле жарактан чыкканын көрүүгө болот. Бирок көпүрөнүн тирөөчтөрү кулаган эмес.

Антонов көпүрөсү - Херсондогу Днепр аркылуу өткөн жалгыз көпүрө. Ал шаарды Днепрдин сол жээги менен байланыштырат. Орус аскерлеринин көзөмөлүндөгү көпүрөнүн узундугу болжол менен бир жарым чакырым, туурасы 25 метр. Ал Днепр дарыясынын оң жээгиндеги орус аскерлерин жабдуу үчүн маанилүү. Көпүрө талкаланса, Херсондогу орус аскерлери байланышсыз калат.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG