Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Кыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилди


Санарип өнүктүрүү министрлиги тараткан сүрөт.
Санарип өнүктүрүү министрлиги тараткан сүрөт.

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы уюлдук операторлорго өлкө аймагында 5G технологиясын сыноого уруксат берди. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, тестирлөөгө уруксат алган операторлор Бишкектин аймагында сыноодон өткөрүп, жакында жаңы бешинчи муундагы технологияны колдоно алат. Министрлик 5G технологиясы байланыш, коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин, интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгилейт.

Азыр өлкө аймагында 4G технологиясы гана иштейт. Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдары дүйнөдө 5G технологиясына каршы ар кандай талкуулар күчөгөн. Ошол маалда Британияда жетимиштей 5G мамычаларын бузуп кетишкен. Айрым мамлекеттерде дагы ушундай көрүнүштөр байкалган. Кыргызстанда дагы талкуу күчөп, өкмөт өлкөдө андай технология жок экенин маалымдаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 5G технологиясы адамдын саламаттыгына зыян тийгизбей турганын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG