Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Оккупацияланган Запорожьеде референдум өткөрүү боюнча буйрук чыкты


Запорожье областындагы орус аскерлери.
Запорожье областындагы орус аскерлери.

Украинанын Запорожье облусунда Москва дайындаган администрациясынын башчысы Евгений Балицкий оккупацияланган аймакты Орусияга кошуу боюнча референдум өткөрүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу орусиялык ТАСС жана РИА Новости агенттиктери жазды.

Украинанын бул аймактарынын бир бөлүгүн орус аскерлери басып алгандан кийин түзүлгөн Херсон жана Запорожье облустарынын аскердик-жарандык администрациясынын (ААК) башчылары шайлоо комиссияларын түзүү боюнча документтерге кол коюшканы кабарланган. Ага кимдер киргени белгисиз. Бул комиссиялар оккупацияланган аймактарды Орусияга кошуу боюнча референдум өткөрүү үчүн да колдонулат.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Москва басып алган аймактарды Орусияга кошуу боюнча референдумдарды өткөрсө, украин бийлиги менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажырай турганын айткан.

Украинада согуш башталганы украина жана орус бийликтеринин ортосунда куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча бир нече айлампа сүйлөшүү жүргөн. Бирок алар эч кандай жыйынтык берген эмес. Соңку сүйлөшүү марттын аягында Стамбулда өткөн.

Расмий Киев согушту токтотуу үчүн башкы шарт катары орус аскерлери Украинанын аймагынан чыгып, 24-февралга чейинки позицияга чегинишин талап кылууда. Орусия болсо басып алган аймактардан эч качан чыкпасын билдирип жатат.

24-февралдан бери Орусия Луганскинин дээрлик бардык аймагын, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын бир катар аймактарын басып алды. Бул жерлерде Орусияга кошулуу боюнча референдумдар өтүшү мүмкүн экени айтылып келаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG