Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Ооган жараны Иранда он кишини өлтүрүүгө шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда полиция жер талаштан улам он кишини бычактап өлтүргөн деген шек менен Ооганстандын жаранын кармады. Бул тууралуу 8-августта жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Ирандын түштүк-чыгышындагы Керман провинциясынын губернаторунун орун басары Рахман Жалал белгисиз адам 7-августта Рефсенжан шаарында алты оогандык жана төрт ирандык кишини “пикир келишпестиктен” улам өлтүрдү деген айып менен кармалганын айтты. Анын маалыматы боюнча, кол салуудан дагы сегиз киши жаракат алган.

Мамлекеттик телеканал “шектүү психикалык жактан туруксуз" экенин билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, ал кармалганга чейин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Иран ондогон жылдар бою миллиондогон ооган качкындарын кабыл алып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG