Бишкекте суу чарба боюнча өзүнчө мекеме түзүлдү

Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сквер. Бишкек.

Бишкек мэриясынын алдында "Бишкексуучарба" деп аталган өзүнчө мекеме түзүлдү. Бул ишкана шаардагы бак-дарактарды сугаруу менен алектенет.

Мэриянын маалыматына караганда, мурда бул ишти "Бишкекжашылдандыруучарбасы" ишканасы аткарып келген. Маалыматка ылайык, быйыл борбор калааны жашылдандыруу үчүн атайын каражат бөлүнүп, суу бургулар курулат.

Бишкекте шаардыктарды суу менен камсыз кылуучу "Бишкексууканал" ишканасы да бар.

Экологдор башкалаада парктар жана жол бойлой тигилген бак-дарактар, газондор тийиштүү өлчөмдө сугарылбай жатканын, куурап калганын айтып, сындап келишкен. (ZKo)

Дагы караңыз

Парламент комитети Кемпир-Абад боюнча суу келишимин колдодуЭркин медиага каршы акциядагы чакырыктар боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элекСөз эркиндиги: элчилер кыргыз бийлигине кайрылды"Коркут Ата" кинофестивалы "Курманжан датка" тасмасы менен ачылдыПхеньяндын ракетасы Түштүк Кореянын жээгине түштүБекешев "Азаттыктын" банк эсебинин бөгөттөлүшү жөнүндө маселе көтөрдү ИИМ Семетей Талас уулуна "хизбутчуларга" байланыштуу айып коюлганын кабарлады Иран Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн экени кабарланды