Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Эркин медиага каршы акциядагы чакырыктар боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек


“Азаттык Медианын” Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциянын катышуучулары, 1-октябрь, 2022-жыл.
“Азаттык Медианын” Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциянын катышуучулары, 1-октябрь, 2022-жыл.

"Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча дайындалган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан "Азаттыкка" билдиришти.

Буга чейин экспертизанын жыйынтыгы эки аптада чыгары айтылган.

"Ушул ишти алган эксперт аймакта башка долбоор менен сотко катышып жатыптыр. Өндүрүшкө алыныптыр. Качан даяр болору белгисиз. Өзү эксперттердин экспертиза өткөрүү үчүн бир ай убактысы бар. Көп учурда эки жуманын ичинде чыгат, ошондуктан орто эсеп менен алганда эки жума деп айтылган", - деп билдиришти милициядан.

Акция учурундагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы 18-октябрда айтылган.

13-октябрда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышкан.

Алардын журналисттерди коркутуп-үркүткөнү боюнча "Азаттык Медиа" милицияга кайрылган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын башчысы Бактыбек Нарчаевдин атына 14-октябрда жазылган арызда Исраилов "кийинки келгенде күч колдонууга чейин барып, имаратка бензин чачарын" айтканы, журналисттерди опузалап, “Азаттык”, “Клооп” жана Кактус" басылмаларынын дарегине тикелей коркутуу жасаганы белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөгөн. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG