Октябрда Орусиядан 15 мигранттын сөөгү келди

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл октябрь айында Орусиядан Кыргызстанга 15 мигранттын сөөгү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Дипломатиялык мекеме сентябрь айында 21, августта 31 кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшкөн.

Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 “Жүк-200” келген, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди. Ага бюджеттен 45 миллион сом сарпталган.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенге жеткирүү үчүн 70 миң рублдан жардам берет.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. Акыркы 30 жылдын ичинде 650 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. (BTo)

Дагы караңыз

“Абдыш-Ата” футболдук клубу Кыргызстандын чемпиону болдуБишкекте жергиликтүү курултайда Октябрь району боюнча талаш чыктыАКШ Украинага миңден ашык "жанкечти" учкучсуз учак берет“Дежавю” спектаклинин премьерасы экинчи ирет болбой калдыПрезидент Жапаров элчилер менен Кыргызстандагы сөз эркиндигин талкуулады