Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Бишкекте жергиликтүү курултайда Октябрь району боюнча талаш чыкты


Бишкекте өткөн жергиликтүү курултай.
Бишкекте өткөн жергиликтүү курултай.

5-ноябрда Бишкек шаарында Элдик курултайга шаардан делегаттарды бекитүүдө Октябрь району боюнча талаш жаралды. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн жергиликтүү курултайда Октябрь районунан 16 делегат сунушталды. Бирок айрымдар тизме макулдашылбай түзүлгөнүн айтты.

“Азыркы берилген тизме эч ким менен макулдашылган эмес. Бул мэриядан келген тизме. Дүжүрлөр. Биз да жаңы тизме беребиз”, - деди катышуучулардын бири.

Бишкекте өткөн жергиликтүү курултайда делегаттардын саны, курултайдын жобосу бекитилди. Анда делегаттарды тандоо каралып, Элдик курултайда көтөрүлө турган маселелер алдын ала талкууланды.

Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечет. Бишкек шаарында квота боюнча делегаттардын жалпы саны 800 адамды түзгөн, административдик райондордун калкынын санына жараша - Ленин району - 203 делегат (278,5 миң жашоочу), Октябрь району - 228 делегат (313,2 миң жашоочу), Биринчи май району - 164 делегат (225,3 миң жашоочу), Свердлов району – 205 делегат (281,4 миң жашоочу). Булардын ичинен борбордон Элдик курултайга 60 делегат шайланып барат.

Президент Садыр Жапаров 16-августта “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай чакырылары жазылган. Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Элдик курултайды уюштуруу комитети 3-ноябрда жыйынга чогулган. Анда курултайга 1000ден ашуун делегат катышары, ал президенттин жыйынтыктоочу сөзү менен аяктай турганы айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG