Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Руслан Казакбаев.

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалап келген Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланганы маалым болгон. Мындай чечим уюмдун Самарканддагы саммитинде кабыл алынды.

55 жаштагы Руслан Казакбаев 2020-2022, 2010-2012-жылдары тышкы иштер министри болгон. Ал 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Дагы караңыз

Аскердик полигондо окко учкан мигранттын агасы Орусиядан чыгарылдыИрандык белгилүү актриса жоолуксуз сүрөтүн жарыяладыТатарстан: "Алга" батальонундагы аскерлердин нааразылыгыКазакстанда жарандык активисттин ачкачылык кармаганына 40 күн болду