Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Казакстанда жарандык активисттин ачкачылык кармаганына 40 күн болду


Ермек Нарымбаев. 30-январь, 2010-жыл.
Ермек Нарымбаев. 30-январь, 2010-жыл.

Камактагы жарандык активист Ермек Нарымбаевдин ачкачылык кармаганына 40 күн болду. Бул тууралуу анын адвокаты Жанар Балгабаева билдирди. Адвокаттын айтымында, активисттин саламаттыгы кескин начарлап кеткен.

Нарымбаевдин салмагы ачкачылык жарыялагыча 105 кг болсо, азыр 83 килограммга чейин түшкөн. Ошондой эле Балгабаева активисттин кан басымы түшүп жатканын билдирди.

Ички иштер министрлиги айыпталуучу "суу, чай жана витамин" ичип жатканын билдирип, айрым маалыматтар чындыкка коошпогонун маалымдады.

52 жаштагы Нарымбаев жергиликтүү укук коргоочулар түзгөн "саясий туткундардын тизмесине" кирет. 2016-жылдын январь айында социалдык тармактардагы посту менен "диний, улут аралык козутууга" барган деген кине менен үч жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал үй камагына чыгарылган. Нарымбаев Казакстандан чыгып кетип, бир нече жыл Украинада жашаган. Ал быйыл февралда Алматыга кайтып келери менен кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG