Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Казакстанда аткаминерлер казиного 1 млн. доллар уттурушкан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Каржы мониторинг агенттиги аткаминерлердин казинодо уттурган акчасы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Андан мурда журналисттер Алматы прокуратурасына шилтеме жасап, 305 мамлекеттик кызматкер казинодо болуп көрбөгөндөй акча сарпташканын жазышкан. Алардын арасында Ички иштер, Коргоо, Каржы министрликтеринин өкүлдөрү да бар. Мекемелердин жетекчилеринин айрымдары мындай иликтөөнү сындашса, кээ бирлери колдоо көрсөтүүдө.

"Демек, алар өздөрүнүн акчаларын коротуп жатышат да. Өздөрүнүн иши да, кайдан акча табат, кайда коротот", - дейт Казакстандын улуттук экономика министри Алибек Куантыров.

Казакстанда мамлекеттик кызматкердин этикалык кодексине ылайык, аткаминерлерге оюн-зоок мекемелерине кирүүгө тыюу салынат.

Кыргызстанда казино ачканга уруксат берген талаштуу мыйзам быйыл кабыл алынып, президент кол койгон. Кумарканаларга кыргыз жарандарына кирүүгө уруксат берилбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG