Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:24

УКМК "Унаа" ишканасынын кызматкери кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн адиси кармалганын бүгүн, 11-ноябрда кабарлады. Маалыматка караганда, шек саналган кызматкер автотранспортту кайра жабдууда уруксат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылган жана аны алып жаткан учурда кол түшкөн. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Президент Садыр Жапаровдун былтыр декабрдагы "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, "Унаа" мекемеси ИИМдин карамагына өткөн.

2018-жылдын 21-декабрында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзгөн. Автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу болору айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG