Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Түрк мамлекеттери уюмунун саммити жыйынтыкталды


Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) президенттеринин саммити. Самарканд шаары. 2022-жылдын 11-ноябры.
Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) президенттеринин саммити. Самарканд шаары. 2022-жылдын 11-ноябры.

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) президенттеринин тогузунчу саммити бүгүн 11-ноябрда бир катар документтерди кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын президенттери кол койгон сегиз протокол, чечим жана келишим негизинен ортодогу соода-сатык менен жүк ташууну жакшыртуу, бажы текшерүүлөрүн азайтуу, санарип системалары жана уюштуруу жаатында кызматташуу максатын көздөйт.

Саммитте сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров аймактык коопсуздук маселеси орчундуу болуп жатканын, кандай гана көйгөй болбосун, Кыргызстан тынчтык жана саясий дипломатия жолу менен чечүү керек деген позицияны карманарын, соода-садык мамилелерин азыркыдан да жакшыртуу керектигин, Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна үмүт чоң болуп жатканын белгилеп, ортодо инвестициялык фонд ачуу демилгесин колдой турганын айтты.

Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келе жатат. 2008-жылы уюмдун алтынчы саммити Чолпон-Атада өткөн.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын бул уюмдагы башка мамлекеттер менен товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 2021-жылы 40 процентке көбөйдү.

Бүгүнкү отурумда уюмдун кезектеги баш катчысы болуп Кыргызстандын өкүлү, буга чейин Түркиядагы элчилик кызматты аркалап келген Кубанычбек Өмүралиев дайындалды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG