Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Кемпир-Абад иши: Нурлан Асанбеков үй камагына чыгарылды


Нурлан Асанбеков.
Нурлан Асанбеков.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып эки айга камалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, ага сот залынан "Тез жардам" чакыртылды.

Түшкө чейин соттук коллегия Асанбековдун бөгөт чарасын кароодо ден соолугуна байланыштуу дарыгерден маалымдама алып келүү үчүн танапис жарыялаган. Мунун алдында укук коргоочу Азиза Абдирасулова Асанбековдун ден соолугу начарлаганын айтып, соттон аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Ал абакта ачкачылык кармоону улантып жаткандыктан соттук отурумга дарыгердин коштоосунда келди.

Ал сотто Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчылардын арасынан Равшан Жээнбековду гана тааный турганын, анын үйүн оңдоп иштеп жатканын айткан. Асанбеков курулуш тармагында иштей турганын, саясатка тиешеси жок экенин билдирди. Өзүнүн жана жакындарынын банк эсептери жабылганы үчүн насыяларын төлөй албай жатканын айтып, сот залынан бошотууну өтүнгөн. 11 жаштагы кызын, улгайган апасын, майыптыгы бар кичинекей баласын караган жалгыз бой ата экенин, мурда сот жообуна тартылбаганын белгиледи.

Нурланбек Асанбековдун үйүнө 23-октябрда тинтүү жүргүзүлүп, өзү кармалган. 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга №1 тергөө абагына камалган.

Өзүнө коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз экенин билдирген Асанбеков 1-ноябрдан тарта нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаганын адвокаттары билдиришкен. Жаза аткаруу кызматы ал 4-ноябрдан ачкачылык кармоону баштаганын, өзүнчө камерага которулуп, саламаттыгына дарыгерлер көзөмөл кылып жатканын маалымдаган.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйындан кийин 23-24-октябрда кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасы 9-ноябрдан тартып Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Кармалгандардын дээрлик бардыгынын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген.

Бир катар укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбесин айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалап жатат. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG