Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Украин аскерлери Херсонго киришти


Украин аскери жана Херсондун тургуну.
Украин аскери жана Херсондун тургуну.

Украин армиясы 11-ноябрда Херсон облусунун борборуна кирди. Ушул эле күнү Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлерин калаадан толук чыгарып кеткенин жарыялады.

Социалдык тармактарга чыккан видеолордон жүздөгөн шаар тургуну украин жоокерлерин тосуп алууга чыкканын көрүүгө болот. Херсондун борбордук аянтында украин желеги көтөрүлдү.

Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы Сергей Суровикин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга Херсондогу армиясын чыгарып кетүүнү 9-ноябрда сунуштап, буга жоокерлерди камсыздоо кыйын болуп калганын жүйө келтирген.

"Бул оор чечим экенин түшүнүп турам. Ошол эле маалда биз аскерлердин өмүрлөрүн сактап калабыз. Жоокерлерди чектелүү санда дарыянын оң тарабында кармоо маанисиз", - деген генерал.

Ошондон кийин Шойгу орус күчтөрүн дароо Днепрдин сол тарабына которуу буйругун берген.

Орус армиясы Херсон облусунун көп бөлүгүн февраль айынын соңунда басып алган. 30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук бир ооздон айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган жок.

Стратегиялык деп саналган Херсон шаарында согушка чейин 300 миңдей адам турчу. Алардын көбү Орусия басып киргенде чыгып кетүүгө үлгүргөн.

XS
SM
MD
LG