Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Татарстан: "Алга" батальонундагы аскерлердин нааразылыгы


Татарстандык аскерлер.
Татарстандык аскерлер.

Украинадагы согушка жиберилген Татарстандагы "Алга" батальонунун аскерлери келишимдери бүтсө да үйлөрүнө жибербей жатканын айтып нааразы болушкан. Бул тууралуу "Кечки Казань" басылмасына алардын туугандары айтып беришкен.

Маалыматтарга караганда, жалданма аскерлер төрт айлык гана келишимге кол коюшкан. Бирок бул мөөнөт өткөндөн кийин да аларды үйлөрүнө кое беришкен эмес. Жергиликтүү аскердик комиссариаттар эч кандай жардам бере албастыгын айтышкан.

Украинадагы согушка жөнөтүү үчүн Орусиянын аймактарында кырктан ашуун "ыктыярдуу батальондор" түзүлгөн. Алардын экөө - "Алга" менен "Тимер" Татарстанда негизделген.

Орусия февраль айынын соңунда Украинага басып кирген. Президент Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. 31-октябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизацияны жыйынтыктоо тапшырмасын берди. Анын алкагында Украинага жүз миңдеген аскерлер жиберилди. Алардын арасынан ондогон жоокерлер мерт кеткени тууралуу кабарлар чыгууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG