Бишкекте жыныстык сабаттуулукка арналган “Тартынба” фестивалы өттү

Бишкекте “Тартынба” фестивалы өттү. 12-ноябрь, 2022

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Novotel мейманканасында жыныстык сабаттуулукка арналган “Тартынба” фестивалы өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө блогерлер, укук коргоочулар, эксперттер жана журналисттер санарип дүйнөдөгү жыныстык сабаттуулук, жыныстык тарбия, зордук-зомбулук жана андан коргонуу, мамиле куруу, ВИЧ-СПИД, ден соолукка кам көрүү жөнүндө панелдик талкууларды өткөрүп жатышат. Жыныстык тарбияга багытталган санарип долбоорлор да тааныштырылды.

Иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер, ата-энелер катышууда. Фестивалды Репродуктивдик ден соолук боюнча альянсы ЮНЕСКО, ЮЭНЭЙДС, ЮНФПА менен биргеликте өткөрүүдө.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.(NBt)

Дагы караңыз

Австралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алдыБишкекте акча алмаштыруучу беш жайдын лицензиясы убактылуу токтотулдуПрезидент Жапаров айдоочулук күбөлүк берүүгө өзгөчө көңүл буруларын билдирдиЕБ жана Британия Орусиянын G20 саммитиндеги сөзүнө бойкот жарыялайтАба ырайы: жаан жаабайт