Байден: АКШ, Жапония, Түштүк Корея өзөктүк коркунучка бирдиктүү жооп берет

АКШнын президенти Жо Байден.

АКШ, Жапония жана Түштүк Кореянын лидерлери Түндүк Кореянын коркунуч жараткан өзөктүк жана баллистикалык ракеталык программаларына бирдиктүү жооп кайтарууга убада беришти.

Камбожада өткөн Чыгыш Азия саммитинде АКШ президенти Жо Байден Түндүк Корея чагымчыл аракеттерин күчөтүп жаткан чакта үч тараптуу өнөктөштүк "мурдагыдан да маанилүү" болуп турганын белгиледи.

Байден Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида жана Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёль менен Камбожадагы саммитте чогуу отурду.

Саммит бүгүн, 13-ноябрда жыйынтыкталды.

Дагы караңыз

АКШдагы шайлоодо демократтар алдыга чыктыCNN: орус аскерлери Херсондон чегингенден кийин жети көпүрө талкаланганХерсонго украин бийлигинин өкүлдөрү кайтып барды, шаарга коменданттык саат киргизилди