Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:17

CNN: орус аскерлери Херсондон чегингенден кийин жети көпүрө талкаланган


CNN жарыялаган сүрөттөрдүн бири.
CNN жарыялаган сүрөттөрдүн бири.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери Херсондон чегингени тууралуу жарыялагандан кийин бир сутка ичинде кеминде жети көпүрө талкаланды, алардын төртөө Днепрди кесип өткөн. Бул тууралуу CNN телеканалы Maxar компаниясынын спутниктен алынган сүрөттөрүнө таянуу менен билдирди.

Сүрөттө Кахов ГЭСинин дамбасы жабыркап, үч шлюздан суу агып жатканын көрүүгө болот. Украинанын жергиликтүү Телеграм каналдары 11-ноябрга караган түнү Кахов ГЭСинин жанында жарылуунун үнү угулганын кабарлашты. Мындан сырткары CNN Херсонго жакын жерде Днепр аркылуу өткөн Антонов көпүрөсү жана ага жакын жайгашкан темир жол көпүрөсү, Кахов ГЭСинин плотинасынын үстүндөгү автомобиль жана темир жол талкаланганын жазды.

Украин армиясы 11-ноябрда Херсон облусунун борборуна кирген. Ушул эле күнү Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлерин калаадан толук чыгарып кеткенин жарыялаган.

Орус армиясы Херсон облусунун көп бөлүгүн февраль айынын соңунда басып алган. 30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук бир ооздон айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган эмес.

Стратегиялык деп саналган Херсон шаарында согушка чейин 300 миңдей адам турчу. Алардын көбү Орусия басып киргенде чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG