Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Депардьенин Орусиядагы продюсердик борбору жабылды


Жерар Депардье Париждеги Орусиянын элчилигинде президенттик шайлоодо добуш берип жатат, 18-март, 2018-жыл
Жерар Депардье Париждеги Орусиянын элчилигинде президенттик шайлоодо добуш берип жатат, 18-март, 2018-жыл

Француз актёру Жерар Депардье Орусиядагы продюсердик борбору иштебей калгандыктан жапты. Бул тууралуу ТАССка актердун досу жана продюсер Арно Фрилли билдирди.

"Бул түзүм аудиовизуалдык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Активдүү иш болбосо бул система пайдасыз. Анткени ал токтоп турганда дагы чыгашаларды талап кылат", - деди Фрилли.

Фрилли борборду жабуу чечими орус-украин согушунан кийинки кризиске байланышы жок экенин белгиледи. Ал мындан сырткары "Нормандия — Неман" эскадрильясы тууралуу фильмди тартуу иштери дагы токтогонун кошумчалады. Депардье аны орус-француз долбоору катары Калининград облусунда тартууну ниеттенип жаткан. Орусия Украинага басып киргенден кийин француз тарап долбоордон чыгып кеткен.

"Биз аны кандайдыр бир жолдор менен ишке ашырабыз деп үмүттөнөм", - деген Фрилли.

Жерар Депардье 2013-жылы Франциядагы салыктардын жогору экенин сындагандан көп өтпөй орус жарандыгын алган. Ага жарандык берүү процедурасын тездетүү буйругун Путин өзү чыгарган.

Буга чейин актёр президент Путинди даңазалап сүйлөп, орус паспортун алгандан кийин Орусиядагы оппозицияны "программасы жок" деп сындаган.

2015-жылы Киев Жерар Депардьени "кара тизмеге" киргизген жана ага Украинага кирүүгө беш жылга тыюу салган. Буга Депардьенин Украинанын көз карандысыздыгын четке каккан билдирүүлөрү себеп болгон.

Быйыл апрелде Депардье президент Владимир Путинди сындап чыккан. Ал "Владимир Путин сыяктуу лидерлердин акылдан адашкан жана кабыл алынгыс кылыктары үчүн орус эли жооптуу эмес", - деп айткан Франс Пресс агенттигине.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG