Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

АКШдагы шайлоодо демократтар алдыга чыкты


Кэтрин Кортес-Масто, Демократиялык партиянын Невада штатындагы талапкери.
Кэтрин Кортес-Масто, Демократиялык партиянын Невада штатындагы талапкери.

АКШда Сенаттагы демократтар Невада штатында добуштар саналгандан кийин 50 орунга ээ болуп, Конгресстин жогорку палатасына көзөмөл кылышы ыктымал. Анда Демократиялык партиянын мүчөсү Кэтрин Кортес-Масто жеңишке жеткенин CNN билдирди.

Невада штатында бюллетендердин 95% эсептелип бүттү. Кортес-Масто шайлоочулардын 48,7% добушун алды. Ал Невада штатынын мурдагы башкы прокурору, республикачы Адам Лаксалттан жарым пайыз алдыда.

Эгерде Кортес-Масто жеңүүчү деп табылса, Жоржия штатында республикачылар жеңген күндө да Республикалык партия Сенатта көпчүлүктү ала албайт. Жоржияда декабрда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Добуштар тең болуп калса, чечүүчү добушка демократтардан вице-президент Камала Харрис ээ болот.

Республикачылар Өкүлдөр палатасына көзөмөл кыла алат.

АКШнын президенти Жо Байден өлкөдөгү орто мөөнөттүү шайлоодогу кырдаалдын өнүгүшүнө ыраазы экенин жана Жоржия штатындагы экинчи айлампаны күтүп жатканын билдирди.

8-ноябрдагы шайлоодо жарандар Өкүлдөр палатасынын жаңы курамына жана Сенаттын үчтөн бир бөлүгүнө добуш беришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG