Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

УКМК алты киши дары аткезчилигине шектелип кармалганын билдирди


Сүрөт УКМКдан алынды.
Сүрөт УКМКдан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эл керектөөчү товарларды жана дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүүгө шектүү катары Кыргызстандын алты жараны кармалганын билдирди.

Маалыматта "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда 14 мүшөк кийим-кече түрүндөгү буюмдар жана баасы 1 миллион 248 миң сомго бааланган "Цефазолин-Акос" дарысы табылганы жазылган.

Тергөө-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар экени айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG