Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматына кайтып барды


Руслан Бекназаров. Мэрия тараткан сүрөт.
Руслан Бекназаров. Мэрия тараткан сүрөт.

Ноябрдын башында үй камагына чыккан Руслан Бекназаров Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары кызматына кайтып барды.

Бекназаров кирешелер боюнча райондук штабдын кезектеги жыйынын өткөргөнүн мэриянын басма сөз кызматы 12-ноябрда кабарлаган.

Ал өзү кызматка кайтып барышында мыйзам бузуу жок экенин, тергөө иштери уланып жатканын 13-ноябрда "Азаттыкка" билдирди.

Ички иштер министрлиги Руслан Бекназаровду Кылмыш кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 14-сентябрда кармап, камакка алган. Сот аны алгач 12-октябрга чейин, кийинчерээк 12-декабрга чейин камоо чечимин чыгарган, ал №1 тергөө абагында кармалып турган. Ноябрдын башында соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Анын алдында Руслан Бекназаровдун апасы Гүлүмкан Мамакеева уулун бошотууну өтүнүп президент Садыр Жапаровго кайрылган. Мамлекет башчыга жолдонгон катында Мамакеева уулу "күнөөсү жок жеринен кармалып, камакта отурганын" белгилеген.

Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал саясатчы жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун баласы. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG