Сомалиде жардыруунун курмандыктары 15ке жетти

Сомалиде буга чейинки жардыруулардын биринде тартылган сүрөт.

Сомалинин Хиран аймагында 4-январдагы жардыруунун курмандыктары 15ке жетти. Маалымат каражаттары эки машине жардырылганын, имараттар талкаланганын жазышты. Жараат алгандардын саны белгисиз.

Жергиликтүү бийлик кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ал-Каида" менен байланышы бар "Ал-Шабааб" террордук тобуна жүктөдү.

Хиранда өкмөт бир нече ай мурун "Ал-Шабаабга" каршы ири өнөктүк баштагандан бери аталган топ соккуларды күчөткөн. Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд 15 жылдан бери козголоң жүргүзүп келген исламчыл топко каршы “тоталдык согуш" жарыялаган.

Дагы караңыз

Машарипов Роналду менен 7-номурду талашпаганын билдирди УКМК жана бажы кызматкери аралашкан мушташтын чоо-жайы иликтенет Өзбекстан: АКШ элчилиги Мексика аркылуу өлкөгө кирүү кооптуу экенин эскертти Кулябдын тургуну милиция бөлүмүндө табышмактуу жагдайда каза болду