Талас: Коррупцияга шектүү төрт кызматкердин үчөө камакта калды

Талас шаардык соту.

Таласта коррупциялык схемага шектелип кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алардын бири үй камагына чыгарылды, калгандары 31-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" 12-январда Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди.

Анын айтымында, шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев үй камагына чыгарылды. Ал эми вице-мэр Максат Байжигитов, шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков, анын орун басары Азиз Курамаев 31-январга чейин камакта калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас шаардык мэриясында жер тилкелерин ижарага берүүгө байланыштуу коррупциялык схема аныкталганын, төрт кызмат адамы кармалганын 10-январда билдирген. Ошол схеманын айынан, мекеменин маалыматына караганда, 2020-2022-жылдары бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 миллион сомдон ашкан.

Талас шаардык кеңешинин депутаттары жогоруда аталган жетекчилерди кармоо мыйзамсыз болгонун, шаардын бюджетине ижара акыдан анчалык көп акча түшпөй турганын айтып чыгышкан. Камакта калгандардын жакындары азырынча комментарий бере элек. (MKt)

Дагы караңыз

УКМК: Кара-Сууда айыл башчынын орун басары пара менен кармалдыHRW: Кыргыз бийлиги сын айткандарды жана жарандык коомду чектөөдө Украинада Соледар үчүн салгылаш уланууда Кемпир-Абад иши: Мадумаров сот жана прокуратураны сынга алды (видео)