Эркинбек Осоев Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болду

Эркинбек Осоев.

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 12-январда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Былтыр августта Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев кызматтан алынгандан бери бул орун бош турган.

Эркинбек Осоев 2021-жылы августта транспорт жана байланыш министри болуп дайындалып, былтыр октябрда кызматтан алынган. (TAb)

Дагы караңыз

Мурдагы президент Акаевге козголгон кылмыш иши кыскарды14-январдын аба ырайыУкраина БУУда “тынчтык саммитин” өткөрүүнү пландоодо"Вечерний Бишкек" Kaktus.media сайтын сотко берди