Жети жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду

Иллюстрациялык сурөт.

Чүйдө ооруканага оор абалда түшкөн жети жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматка караганда, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренесинин негизинде ("Жардам көрсөтпөй коюу") кылмыш иши козголгон. Учурда укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

15-январда Кара-Балтадагы ооруканада 2016-жылы туулган наристе чарчап калган. Милиция 14-январда ал оор абалда ооруканага түшкөн деген маалымат бар экени, жана ага бронхопневмония, дем алуу кемтиги, сепсис, кант диабети деген болжолдуу диагноз коюлганын билдирген.

Кыз өтө арык экени жана ата-энеси чет жакта миграцияда жүргөнү тууралуу маалымат тарап, соцтармактарда ар кандай талкуулар жүрүп жатат. (КЕ)

Дагы караңыз

Киев облусунда тик учак кулап, Украинанын ИИМнин жетекчиси курман болдуЧек ара: өрттөлүп, талкаланган 426 үйдүн 45инин курулушу бүттүӨзбекстанда электрикке бычак такаган аялга кылмыш иши козголду“Бишкек” ЭЭАнын жетекчисине Алмамбет Шыкмаматовдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланды