Кыргызстан бир киловатт электр энергиясын сырттан 3 сомдон сатып алууда.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 21-январга караган түнү Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүндө айтылат. Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстан учурда коңшулардан 3 млрд. кВт электр энергиясын алып жатат.
“Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей (жай мезгилинде өзүбүздүкү жетет) кошуна өлкөлөрдөн 3 млрд. кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып алып келебиз. Мурда 5 сомго чейин алып жүргөн экенбиз. Аны элге 0,77 тыйындан беребиз, андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 0,77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 миллиард карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет”, - деди Жапаров.
Садыр Жапаров Кыргызстан 2014-жылдан бери электрди коңшулардан 5 сомго алып, элге арзан сатып сатып келгени тууралуу 2021-жылы жасаган билдирүүсүндө да айткан. Мунун айынан мамлекет бир нече миллиарддаган сом чыгым тартканын, эми мындай "кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол бербей" турганын белгилеген.
Кыргызстан анда бир киловатт электр энергиясынын 2 сомдун тегерегинде алып жатканы белгилүү болгон.
2022-жылы жаз айларында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. куб метрге чейин азайып кеткен. Октябрь айында Министрлер кабинети энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд. сом бөлгөнү, каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшалары маалым болгон.
Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин жетти.
Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдаган.
Мындан улам 19-январда Энергетика министрлиги электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялаган. Ага ылайык, жарык ар кайсы аймактарда эки сааттан өчүрүлүп турат. (BCh)
Дагы караңыз
Британ премьер-министри коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айыпка жыгылдыСадыр Жапаров электр энергиясы кымбаттай турганын жарыяладыПентагондун башчысы Украинага берилчү жардам "өтө салмактуу" экенин айттыАКШ орусиялык "Вагнер" тобун эл аралык кылмыштуу уюшма топ деп тапты