Бишкекте катуу жол кырсыгында каза болгондордун тек-жайы такталууда

Кырсык болгон учур.

Бишкекте 21-январдын түнүндө Түштүк магистрал менен Пудовкин көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, эки киши көз жумду.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Исаев бул тууралуу "Азаттыкка" маалымат берди.

"Жогорку ылдамдыкта келе жаткан КИА үлгүсүндөгү машина түнкү саат 23:30га чукул жол жээгиндеги мамыны сүзүп, экиге бөлүнүп кеткен. Кырсыктан 23 жаштагы жигит жана 20-25 жаштар чамасындагы кыз көз жумду. Машиненин 18 жаштагы айдоочусу жана 19 жаштагы дагы бир кыз оор жаракат алып, Бишкектеги тез жардам ооруканасына жеткирилди. Каза болгондордун тек-жайы такталууда", - дейт Исаев.

Бишкектин Жол кайгуул кызматы айдоочуларды ылдамдык эрежелерин сактоого чакырууда.

Кыргызстанда 2022-жылдын 11 айында 6891 жол кырсыгы катталып, 818 адам каза болгон. Соңку он жылда 68 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы катталып, 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. (BCh)

Дагы караңыз

Майлуу-Суу шаарында 810 үй-бүлөгө жардам берилди "Балдарымды таштаганга аргасызмын". Өксүгөн балалык Өзгөндүн Большевик айылында жаңы мектеп курулду Мамлекеттик Думанын төрагасы Батышты өзөктүк курал менен коркутту