Зеленскийдин телекайрылуусу Орусияда жана аннексияланган Крымда көрсөтүлдү

Владимир Зеленский

Шаршемби күнү Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видео кайрылуусу Орусиянын Белгород облусунда, Краснодарда, аннексияланган Крымда, Севастополдо телеканалдарда көрсөтүлдү.

Күбөлөрдүн айтымында, Зеленскийдин сөзү орусиялык СТС жана ТНТ өңдүү телеканалдардын программасынын ордуна жаңырган.

Президенттин мекендештерине кайрылуусу украин тилинде берилген. Сигнал мезгил-мезгили менен жоголуп, кайра калыбына келген.

Крымдын башчысынын маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Олег Крючков украин президентинин кайрылуусунун эфирге чыгышын "АКШнын колдоосу менен жасалган хакердик чабуул" деп түшүндүрдү.

РБК агенттиги жазгандай, Белгороддун жергиликтүү бийлиги спутниктен келген сигнал уруксатсыз алмаштырылганын билдирди.

Орусия Украинага согуш ачкан 11 айдан бери Зеленский күн сайын кечинде украин каналдары аркылуу элге кайрылуу жасап, майдандагы акыркы кырдаал тууралуу жарандарга маалымат берип келет.

Дагы караңыз

Аскер прокуратурасы: Чек арадагы окуя боюнча айрым иштер сотко аштыАбактагы активист Атай Бейшенбекке дагы үч иш козголдуЫктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү АКШнын Юстиция министрлиги Google компаниясын экинчи ирет сотко бердиӨзбекстан "Газпром" менен түзүлгөн "жол картасы" тууралуу маалымат берди