Чехияда президенттик шайлоодо отставкадагы генерал Петр Павел утту

Пётр Павел аялы менен шайлоо тилкесинин алдында. Прага. 27-январь, 2023-жыл.

Чехияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында отставкадагы генерал Петр Павел 58% көбүрөөк добуш алып, жеңип чыкты.

Анын атаандашы, мурдагы премьер-министр Андрей Бабишти шайлоочулардын 42% жакыны колдоду.

Өлкөнүн премьер-министри Петр Фиала жана Чехияга кошуна өлкөлөр Словакия, Австриянын лидерлери Павелди жеңиши менен куттуктады. Жаңы президенттин инаугурациясы март айынын башында болот.

Петр Павел президенттик кызматка Милош Земандын ордуна келет. Земан Европа биримдигиндеги орусиячыл жетекчилердин бири деп эсептелчү. Бирок 2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин Москванын саясатын кескин айыптаган.

62 жаштагы Петр Павел НАТОнун Аскердик комитетинин жетекчиси (2015-2018-жылдары) болгон. Ал Орусиянын Украинага басып киргенине каршы позицияны карманып, Чехиянын батышчыл багытын жактайт. Аны негизинен оңчул, консервативдүү жана либералдык көз караштагылар колдойт.

Экс-премьер Бабиш учурда ири оппозициялык партиянын лидери, миллиардер ишкер. Апта башында Прагадагы сот аны Евробиримдиктин жардамына байланыштуу коррупциялык иш боюнча актаган.

Шайлоонун биринчи айлампасы 13-14-январда өтүп, эки талапкер тең жетиштүү добуш топтой алган эмес.

Дагы караңыз

Министрлик пияз экспортуна убактылуу тыюу салууну сунуштадыИерусалимде ыктыярчы ата-бала октон жараат алдыИерусалимде синагогада ок атылып, жети киши каза болдуРБК: Орусиялыктар былтыр четке рекорддук сумманы которушкан