Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 3-февралда Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүз -5…-10.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.

Дагы караңыз

Кыргызстандык парадзюдочулар эл аралык мелдештен үч байге менен кайтышыЖапония чек ара жаңжалында жабыркаган 25 миңдей кишиге колдоо көрсөтөтУКМК "Керемет Банктын" иши боюнча Улуттук банктын мурдагы кызматкерин кармадыKloop веб-сайтын бөгөттөө тууралуу бийликтен эскертүү алганын жаздыДепутат АРИСтин иши боюнча маалымат алуу сунушун бердиЖети ЖМК фейктерге каршы Checkit Media платформасын түздү