Министр Баатырова Кыргызстанда өлүм көрсөткүчү төмөндөгөнүн билдирди

Гүлнара Баатырова.

Кыргызстанда былтыр каза болгондор боюнча жалпы көрсөткүч 1,4% төмөндөдү. Бул тууралуу 2-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Саламаттык сактоо системасынын иши калктын өлүм көрсөткүчүнө карап бааланарын айткан министр былтыркы жыл жакшы болгонун, көрсөткүч туруктуу негизде төмөндөгөнүн, жашоо узактыгы көбөйгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, ымыркайлар өлүмү 7,1% азайды, төрөт учурунда каза болгон аялдар саны ага чейинки жылга салыштырганда 23,4% төмөндөдү.

Караколдо быйыл жылдын алгачкы эки аптасында төрөт үйүндө алты ымыркай чарчап калган окуя тууралуу министр буга ошол жерде иштеген кызматкерлердин шалаакылыгы себеп болгонун айтты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда узагыраак жашашат. 2020-жылы эркектердин өмүрүнүн орточо узактыгы 68, ал эми аялдардыкы 76 жылды түзгөн. Репродукциялык курактагы аялдардын ар бири, орточо эсептегенде, үчтөн балалуу болот, айыл жергесинде төрт же андан көп бала төрөшөт. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстан Дүйшөмбү-Үрүмчү каттамы үчүн аба мейкиндигин колдонууга уруксат бере элекОш филармониясынын директорлугуна сынак жарыяландыEurovision ыр таймашынын эн белгиси Украинанын желегин чагылдыратКечки радио берүү | 02.02.2023 | Орусия: Мигранттар туура эмес диагноз коюлуп жатат деп кабатыр