Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Кыргызстан Дүйшөмбү-Үрүмчү каттамы үчүн аба мейкиндигин колдонууга уруксат бере элек


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Дүйшөмбү-Үрүмчү багытындагы аба каттамын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонууга кыргыз тарап азырынча уруксат бере элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жарандык авиация агенттигинин басма сөз катчысы Ирина Больбот билдирди.

Аба каттамы 8-февралда иштей баштай турганын “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын жетекчиси Абдулкосим Валиев кабарлаган.

Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Дилшод Сафарзода бул каттамды аткарууда Кыргызстандын аба мейкиндиги колдонуларын белгилеген.

Кыргызстандын Жарандык авиация кызматынын басма сөз катчысы тажик тарап 8-февралдан 21-мартка чейин аба мейкиндигин колдонууну сураганын, азырынча уруксат бериле электигин, маселе каралып жатканын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG