Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Орусиянын мурдагы аскер кызматкери украин элинен кечирим сурады


Согуштан жапа чеккен украиналык аял кызы менен. Бахмут калаасында тартылган сүрөт.
Согуштан жапа чеккен украиналык аял кызы менен. Бахмут калаасында тартылган сүрөт.

Орусиянын Украинадагы согушуна катышкан мурдагы орус офицери Константин Ефремов украин элинен кечирим сурады. Ал BBC радиосуна туткунга түшкөн украин аскерлери кыйноого алынып, ырайымсыз мамилеге кабыларын, өзү согушуудан баш тартып, өлкөсүнөн качып кеткенин айтып берди.

Ефремовдун сүрөттөрүн жана аскердик документтерин иликтеп көргөн журналисттер ал согуштун башында чындап эле Украинанын Запорожье облусунда, анын ичинде Мелитополь шаарында болгонун аныкташты.

"Бүткүл украин элинен кечирим сурайм, алардын үйүнө чакырылбаган конок катары колума курал кармап келдим. Менин колумдан эч ким жабыр тартпаганы үчүн, ал жерде мен эч кимди өлтүрбөгөнүм үчүн кудайга ыраазымын. Украиндерден кечирим суроого моралдык укугум да жок. Алар мени кечирет деп да ойлобойм", - деди ал.

Орусиянын Коргоо министрлиги Ефремовдун айткандарына комментарий бере элек.

Константин Ефремов мурда Чеченстандагы 42-мотоаткычтар дивизиясынын миналардан тазалоо взводун башкарган. Аннексияланган Крымдагы машыгууларга былтыр 10-февралда барган.

"Согуш болоруна эч ким ишенген эмес. Бардыгы машыгуу болот деп ойлошкон. Мен ишенем, жогорку даражалуу офицерлер деле билчү эмес", - дейт мурдагы аскер кызматкери. Ага жана анын аскер бөлүгүнө 27-февралда Украинага чабуул коюу буйругу берилген.

Сентябрда Орусиянын президенти жарыялаган жарым-жартылай мобилизациядан кийин ал Gulagu.net укук коргоо уюмунун жардамы менен Орусиядан чыгып кеткен.

BBC белгилегендей, ал орус аскерлеринин туткундарга жасаган кордуктары тууралуу ачык айтууга макул болгон биринчи орус офицери.

XS
SM
MD
LG