Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Жогорку сот төрагасы: Бийлик ишибизге кийлигишкен жок


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бийликтин соттордун ишине кийлигишүүсү жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал 2-февралда “Ала-Тоо 24” телеканалына курган маегинде билдирди:

“Сот тутуму бүгүнкү күндө толук түрдө көз каранды эмес деп айтканга болбойт. Биз көз каранды эмес болуу үчүн аракеттенип, күрөшүп келе жатабыз. Соттор көз каранды болбошу үчүн эмне керек? Мен жогоруда айттым эле, мыйзамда көрсөтүлүшү керек деп – мыйзамда көрсөтүлдү, эмгек маянасы көбөйүшү керек дедик, көбөйтүлдү, ротация дедик, өзүлөрү туулуп-өскөн жеринен башка жакка которуп, туугандарынан, жакындарынан көз карандылыкты жойдук. Эми соттордун ишинин сапатына өтүү керек. Бул оңой эмес. Санариптештирүү критерийин ишке ашыруубуз зарыл. Албетте, бийликтин кийлигишүүсү болбошу керек”.

Журналисттин “Ошондой кийлигишүү барбы?” деген суроосуна Базарбеков:

“Азыркы учурда бийлик жактан кийлигишүү жок. Бирок кээ бир бийлик структураларынан өтүнүчтөр, суранычтар болуп калат. Мен андайга жол бере элекмин. Ал эми аймактарда ошондой болуп жатса, ким билсин, болуп жаткандыр”, - деп жооп берди.

Кыргызстанда айрыкча бийликке сын айткан саясатчылардын, активисттердин иши каралганда соттор алардын жүйөсүнө көңүл бурбай, доо койгон тарапты колдогон чечимдерди чыгарып келерин укук коргоочулар көп айтышат. Соттор мындай айыптоолорду четке кагып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG