Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Баткен прокурорунун өлүмү: Жогорку сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды


Мелис Калыков. Архивдик сүрөт.
Мелис Калыков. Архивдик сүрөт.

Жогорку сот Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун ишин карап, буга чейинки облустук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 2-февралда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Чечим 24-январда чыкканы маалым болду.

2022-жылдын 31-мартында облустук сот Ош шаардык сотунун өкүмүндөгү Калыковго 3000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөгү кошумча айыппул салуу тууралуу бөлүктү алып салган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.

2019-жылдын 27-ноябрында Ош шаардык соту Калыковду күнөөлүү деп таап, айыппул салуу менен кошо өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан.

2018-жылдын ноябрында 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган.

Калыков бардык соттук отурумдарда ага тагылып жаткан айыпты негизсиз деп атап келген. Анын жактоочулары тергөөдө дал келбеген жагдайлар арбын экенин билдиришкен.

Тергөөчүлөр далил жетиштүү экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG